www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөштүн алкагында мурдагы вице-премьер министр Аскарбек Шадиевдин айланасында бир айдан ашуун убакыттан бери жергиликтүү ММКлар тынымсыз жазып келүүдө. 

Алсак, жергиликтүү "Жаңы ОРДО" гезити, Аскарабек Шадиев тууралуу, "Көп балалууларга, айыл жериндегилерге социалдык жөлөк пулду берүү зарылбы же кыскартуу керекби? — ​деген суроо талкууланып жаткан кезде, Аскарбек Шадиев ал сумма жарыбаган эле бир акча экендигин, аны бербей эле токтотуп коюп, ошол билинбей, чачылып кетип жаткан майда акчаларды топтоп, ага мектеп же башка бир нерсе салууга жумшоо керек дегендей абсурддуу сунуш менен чыккан!..

Бул жерде, элде айтылган “ач кадырын ток билбейт” деген накыл кеп эриксизден эске түшөт. Аскарбек Шадиев сыяктуулар үчүн (анын интернетте жарыяланган мүлкүнүн санына караганда, ал биздин жакыр өлкөдөгү подполдук-көмүскө долларлык миллионерлердин бири экен!) ал жөлөкпулдун суммасы “жарыбаган эле акча” болгону менен, ай сайын дал ошол акчага муктаж болушуп, анын келишин күтүшүп, бала-чакасынын мектепте эл катары окууга баруусун ошол каражат аркылуу гана камсыздап турушкан үй-бүлөлөрдүн саны дагы биздин өлкөдө аз эмес, ал тургай, “олуттуу, калың катмар” экендиги маалым.

Айтор, элдин калың катмарынын көйгөйлүү жагдайларын өз жонтерилери менен сезе алышпаса да, аларды ичкертен жакшы туюп-билип, ошолорду чечүү үчүн жан-дили менен күйүп иштешкен чиновниктер гана өкмөт ишин алдыга жылдыра алары түшүнүктүү. Ансыз, эч качан өсүү да, алга жылуу да болбойт. Коомдук-саясий турмушта да, аткаруу бийлигинде да. Мисалга ала турган болсок, алгач Владимир Путиндин гана креатурасы катары саясатка келип, анын жеке жетегинен чыга албай турган, ага өтө көз каранды болгон саясатчы катары имиджи калыптана баштаган Сергей Мироновдун (Совет Федерациясынын мурдагы төрагасы) өз алдынча “Справедливая Россия” деген саясий партияны түзүп, эл арасында абройлуу саясатчыга чейин өсүп жетип, тез эле бул өлкөдөгү саналуу партиялардын биринин лидерине айланып калышы дагы жөн эле оңой келе турган жетишкендик эмес. Сергей Миронов өткөндө өз маектеринин биринде айтып жатпайбы: биз абдан жакыр үй-бүлөдө жашачубуз, көп учурларда апам бизди — ​мени иним экөөбүздү, — ​мектепке жөнөткөндө тамак бергенге эч нерсе таппай калып, бир кесим нандын бетине кумшекерди себелеп, салып берип, кара чай менен мектепке узатуучу деп. Журналист: азыр алган айлыгыңыз кандай? — ​десе, азыр айлыгым абдан көп, анын төрттөн бирин (25%ин!) мен ай сайын жакыр үй-бүлөлөргө берип турамын деп жатпайбы!..

А бизде, тилекке каршы, айлыгым абдан көп демек турсун, жөн эле көп деп айтканды да угуу кыйын. Аз, же жетпейт деп айтышат. Эриксизден, баары өз пейлиңе жараша болот деген сөздү эстейсиң…

Кыскасы, мамлекеттик социалдык жөлөкпул жарыбаган эле бир акча сыяктуу сезилген жогорку кызматтагы мамчиновниктердин баарына тең, бизде дагы “ошол жарыбаган суммага өз чөнтөгүңөрдөн ай сайын кошуп берип тургула” деп милдеттендириле турган болсо, бул абдан жакшы эле жөрөлгө болмок. Тилекке каршы, андай мыйзам жок. Дал ошондуктан улам, андай шектүү жолдор менен байыгандардын байлыгын көп учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу жолу менен гана кайра мамлекетке мыйзамдуу конфискациялоо аркылуу гана кайтарып алуу каралган. Демек, маселенин баары эми дал ошол мыйзамдардын кыйшаюусуз, так аткарылышына жетишүүдө гана калды…деп жазган эле.

 Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости