www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 7-майда Ош жана Жалал-Абад облустарына жасалган иш сапарына Бишкектен Ошко самолет менен катардагы эле жүргүнчүлөргө кошулуп чогуу учкандыгы коомчулукта чоң дуу болгон. Ал тургай Өкмөт башчынын кантип самолетко отургандыгын кимдир бирөө видеого тартып алып, ал бир нече секундалык тасманы социалдык тармактар аркылуу жүктөп да жиберген. Бул жагынан маалымат кызматынан ыкчам иш жасалышы алар күткөндөгүдөй эле бекер пиар болду окшойт.

Бирок көп өтпөй эле М. Абылгазиевдин кортежиндеги эки жолтандабас унаа Өзгөндө кырсыкка кабылгандыгы, бактыга жараша эч ким жабыр тартпагандыгы тууралуу чуулгандуу кабар тарады.

Бирок, эки күн унчукпай туруп, Ош облустук ИИБнын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев Өзгөн районундагы жол кырсыгына кабылган автоунаалар Премьер-министрдин кортежинин курамында болгон эместигин жарыялады.

Анын айтымында, окуя 7-майда Өзгөн районунун Төрт-Гүл айылында түшкө маал болгон. "Toyota Land Cruiser 200", "Lexus LX 570" жана "ВАЗ" автомашинелери сүзүшкөн:

“Жол кырсыгына себепчи болгон «ВАЗ –2106» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1967-жылы туулган Өзгөн районунун жашоочусунун айтуусунда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кортежин өткөрүп, жол кыйымылын улантууга камданып, автоунааны айдап жолго чыккан учурда, техникалык мүчүлүштүктөн улам алдыңкы дөңгөлөктүн кармоочу шайманы иштен чыгып кетип, жолго туурасынан туруп калган. Ошол учурда башка жол кыймылынын катышуучусу «Лексус‑570» үлгүсүндөгү автоунаа келип кагылышуу жасаган. Жол кырсыгынан эч ким жабыр тарткан эмес. Автоунаалар материалдык чыгымга дуушар болгон. Бул окуянын катышуучулары бири-бирине доосу жок экендиктерин айтышып арыз жазуудан баш тартышкан”, — ​деди Аширбаев.

Бирок мындай жоопту бул сүрөт жокко чыгарып коюуда. Анткени "Toyota Land Cruiser 200" үлгүсүндөгү кара түстөгү унаанын башында сирена турат. Мындай жолтандабастар мамлекеттин жетекчилерин гана коштоп жүрөт. Болгондо да ал унаанын алды да, арты да майышкан. Демек, «ВАЗ-2106» жигули эмес, чоң эле унаа менен кагылышкан окшойт.

Канткен менен азыркы кыргыз саясатчыларынын тагдыры тууралуу алдын ала айткандарынын көбү төп келген Света айым аттуу төлгөчү жакында М. Абылгазиев тууралуу да мындай деп айткан болчу: “Абылгазиевге эки жерден тузак коюлган” Мухамедкалый Абылгазиев түз жүргөн, ишинен майнап чыгара билген, эч кимге карасанатайлык кылбаган адам. Бирок, аурасы оорлошуп баштаптыр. Элдин назары түшүптүр. Бул киши премьер-министр болгонго чейин эле жетиштүү душман топтоп алыптыр. Аны оодарып түшүүгө эки жерден тузак коюлуптур. Өзүнө сак болбосо, президенттин ишенимдүү адамы экени деле маселе чечпей калат. Сак болсун, жолун тазаласын", — ​деп айткан эле…

Эмнеси болсо да “Сактыкка кордук жок”, — ​демекчи, Президент С. Жээнбеков менен кошо элдин назарына алынып, жакшы иштей баштаган М. Абылгазиев сак болуп жүргөнү оңдур…

Эми өпкөсүн баспай, газды баскандар Өзгөндө Лексус 570 менен Ленд Крузер 200 маркасындагы жолтандабастарды өкүртүп айдайбыз деп атып, азыр өңдөрү өзгөрүлүп турган чагы. Бизге жеткен маалымат боюнча бул кымбат баалуу эки унаа тең мамлекеттин эсебиндеги унаалар эмес, Оштогу билермандар бирөөнүн менчик унаасын сурап алышкан экен. Эми жүз миң доллар турган унааларды оңдоо Оштун МАИ кызматкерлеринин жонуна түшүп жатыптыр. Экинчи борбор деген Ошто президент менен премьер-министр барганда алып жүрчү унаа жоктугу уят иш го?

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости