www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин бир тууганы каза болгондо, эл арасында “Аскар Акаев, Кыргызстанга бир тууганына топурак салганы келет экен”, деген сөздөр тараган. Арадан аз өтпөй эле ары жактан Аида Салянова секирип чыгып, “Аскар Акаев келсе, суракка алынат, менин бере турган суроолорум бар”, деп чырылдаган. Жыйынтыгында бир тууганына топурак салганы Аскар Акаев келе албай калган.

Эми минтип, жашоонун айлампа кайтар дүйнөсү Аида Салянованын как эле чокусуна тийди да калды. Убагында агасын агасындай урдуруп ойнобой, аттуу-баштуу нарындык агаларын жана кыргыздын тыңчыкма жигиттерин камап, элдин назарынан калган Аида Салянованын дагы бир былыгын Кадырбек Керимбаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Ал: - “Аида Салянова ушул күнгө чейин камакта жаткан Адина Турдубаеваны сот, прокурор достору аркылуу абакта кармап олтурат. "Азия курулуш" компаниясын "СААБ строй" атап, кудасы Кубанакуновдорго каттатып койюптур. “СААБ” чечмелегенде “Салянова Аида + Абдыгапаров Бакыт” болуп чечмеленет экен. Квартираларын автомашинага алмаштырып, автосервис да күтүп жиберишкен. Муну экс-депутат айымдар Гүласал Садырбаева, Урмат Аманбаевалар жакшы билишет. Автосервисте 300гө жакын машина болгонун "Дело №" гезити басып чыккан. Адинанын ак жеринен камалганын ал убактагы генпрокурор билген, “4-даражадагы рак ооруулуу Адинаны өлөт” деп, мүлкүн ээлеп алып, өз билгенин кылган. Азыр текшерсе Адинанын ордуна, Аида сөзсүз барып олтурат. Адинанын мөөнөтү бүтөрүнө аз калды", - деп жазган Кадырбек Керимбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости