www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле, мурдагы президентке ыр жаза коемун деп камактан чыккан, Темирлан Ормуков, Сапар Исаков менен Алмазбек Атамбаевге дагы ыр жазды. Ал, бүгүн эле "Шаршендин баласынын шаштысын кетирем", деп айткан эле. 

Ал, «13 жашар баланын арманы» (пародия) Сооронбайдын соңку соккусуна чыдабай саясаттагы саясий жетим, Сапар Исаков карабай таштап кеткен саясий атасы Алмазбек Атамбаевге жазган каты", деп ырын уланткан...Толугу менен өзгөртүүсүз сунуш кылабыз.

Ата артыңда калган баланын,
Кабыл ал айткан саламың.
Көңүлүм канча тартса да,
Көзүмдөн учту карааның.

Көрүнүп жарк дей түшсө деп,
Көл зарлап жолуң карадым.
Көргөн бир күнүм курсунчу,
Ата, камала турган абалым.

Ата, камала турган абалым,

Ак шумкар сыйлык колдойбу?
Атакем эстеп койбойбу,
Бийликке келсе кайрылып.
Бөксөргөн чөнтөк толбойбу?

Укканың барбы атаке,
Уясын бузган торгойду.
Томуктай ошол макулук,
Ата, торгойчо болсоң болбойбу?
Ата, торгойчо болсоң болбойбу?

Жегенге жалгыз көнбөдүм,
Жамандык менден көрбөдүң.
Бүк түшүп чуркап сен үчүн,
Кум-Төрдөн алтын бөлгөмүн.

Алсырап калса таштаган,
Айбандын бирин көрбөдүм.
Жээнбеков жыккан балаңды,
Жырткычча неге көрбөдүң?
Ата, жырткычча неге көрбөдүң?

Барчындай канат сабалап,
Байлыкка кылдың далалат.
Айланып учуп кете албай,
Бир учак салды алаамат.
Айылдын эли кырылып,
Жаш бала калды апалап.

Атаке сендей боору таш,
Деги адамдар кантип жаралат?
Деги адамдар кантип жаралат?

Индира төгүп жашты эле,
Чыдамыш болот жакшы эле.
Бир кокуй тантык экениң,
Билсечи байкуш башта эле.
Сендеги сырды сезбептир,

Прокурор кезде жаш неме.
Сен бизди коргоп койбогон.
Ушунча бооруң таш беле?

Ата, ушунча бооруң таш беле?

Бир кезде сенин куралың,
Министр мент Уланың.
Аның да кеткен кызматтан,
Абалын анын сурагын.

Апостиль жазгыч Абдилиң,
Анын да каккан бар жинин.
Сооронбай союп биз жакты,
Соолуду ата жан дилим
Соолуду ата жан дилим.

Алдың деп кымбат кычкачты,
Кызматтан айдап тышташты.
Суракка улам чакырып,
Суусата сүйлөп кысташты.

Турмушта болуп салтанат,
Турса да гүлдөп чар тарап.
Тергөөчү сотту көргөндө,
Жүрөгүм түшүп жалтанат.

Аябай кысса чыдабайм,
Атаке калчы калкалап.
Жашырбай айтып таштаймын,
Атаке калчы калкалап.

Сокеңден эч ким кутулбайт,
Согушсак бизден утулбайт.
Соттору камдап чечимин,
Темир тор түрмө чукулдайт.

Мендеги көчүк сенде бар.
Меники жалгыз чукулбайт.
Ата, меники жалгыз чукулбайт
Атоу, меники жалгыз чукулбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости