www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-июль күнү Ош облусундагы сел кесепеттерин жоюуга ӨКМден 40 техника, 370 куткаруучу, 15 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматынан 22 инженердик техника жана 19 мотопомпа тартылды. Бул тууралуу  ӨКМ билдирди. 

Ал эми жарандарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2 өрт өчүрүүчү авто унаа иштеп жатат.

Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 770, Ош облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 50, КР ИИМ Ош облусу боюнча башкармалыгынан 21 милиция кызматкери тартылды.

Белгилей кетсек, кечээ 17-июль күнү селден жабыркаган Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка жана Манас айыл аймагында сел кирген турак үйлөр толук тазаланып бүткөрүлдү.

Кошумча маалымат берилет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости