www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-июль күнү түнкү саат 01-30 чамасында Тогуз-Торо районунун, Көк-Ирим айыл аймагына караштуу болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 303-чакырымында, “Чайна-Роуд” компаниясынын АБЗ базасындагы жумушчу болуп иштеген Кытай жараны өзү жалгыз жаңы салынып жаткан жолдун четиндеги битум ээритип туруучу печкага көмүр жагып иштеп жаткан.

Ошол убакта капыстан Казарман айылы тараптан Мерседес Бенс Спринтер үлгүсүндөгү автоунаа менен азиат улутундагы болжол менен 30-35 жаштардагы бир нече адамдар келишкен.

Анын ичинен экөөсү жумушчу Кытай жаранын колун кайрып күч колдонуп, базадагы 200 литрлик 3 бачок жана 20 литрлик 25 конистр солярканы "Спринтерге" жүктөп качып кетишкен. Натыйжада Кытай жараны денесинен жаракат алып, Тогуз-Торо райондук ооруканага кайрылган.

Ал эми компанияга 50 000 сомдун тегерегинде зыян келтирген. Окуя боюнча Тогуз-Торо РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан “Тоноочулук” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, 14-июль күнү Тогуз-Торо районунун 4 жараны, арасында айылдык кеңештин депутаты да кармалып, КР ЖПКнын 94-бер., менен убактылуу кармоо жайына киргизилген. 5-июль күнү баары Тогуз-Торо райондук соту тарабынан 2 айга үй камагына баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматынын ага инспектору милициянын лейтенанты Мыктыбек Турдубеков билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости