www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин вице-мэри Ренат Макеновдун жана улуттук университеттин профессору Нонна Розахунованын диссертациясындагы “уурулуктар” илимий чөйрөгө оңбогондой бүлүк салды. Бул окуя кыргыз илиминин сапатына тыкыр көңүл бурууга мажбурлоодо. Ушуга чейин буга окшогон далай фактылар болуп келсе да билсе-билмексен, көрсө-көрмөксөн болуп келген Билим берүү министрлиги, Жогорку аттестациялык комиссия жана Улуттук илимдер академиясы селт этип алды.
Карап көрсөк, Кыргызстанда накта илимпоздордон тышкары “чиновник-илимпоздордун” катмары да опол тоодой өсүп барат. Бул тээ доктор Акаев менен анын аспиранты Жумалиевден бери келаткан “мода” болуп калса керек. Азыркылардан да бир катар министр-депутаттар илим жактап жүрүшкөнү бар. Бирок, бирөөнүн да илимге иш жүзүндө салым кошуп, таасирдүү ачылыштарды жасаганы билинбейт. Айрым чиновник-илимпоздорду мисалга тарталы, аларды илим чөйрөсүндө тааныбагандар, илимий ачылыштарына суктана электер болсо, аларга мүмкүнчүлүк болсун.
1. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков – экономика илимдери боюнча, кандидаттык иштин темасы 2014-жылдын сентябрында БатМУнун Кызыл-Кыя технологиялык, экономикалык жана укук институтунда бекитилген, илимий жетекчиси экономика илимдеринин доктору Е.Яковлева.
2. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов – техника илимдери боюнча, Кандидаттык иштин темасы 2010-жылдын ноябрында КРСУда бекитилген, илимий жетекчиси техника илимдеринин кандидаты С.Иманбеков.
3. БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова – саясий илимдер боюнча, кандидаттык иштин темасы 2017-жылдын декабрында Мамлекеттик башкаруу академиясында бекитилген, илимий жетекчиси саясий илимдердин доктору Б.Төрөгелдиева.
4. ЖК депутаты Аалы Карашев – саясий илимдер боюнча, докторлук иштин темасы 2017-жылдын декабрында бекитилген, илимий жетекчиси жок.
5. ЖК депутаты Кенжебек Бокоев – саясий илимдер боюнча, кандидаттык иштин темасы 2017-жылдын декабрында бекитилген, илимий жетекчиси саясий илимдердин доктору М.Артыкбаев.
Атургай УКМКнын мурунку төрагасы, “Геббельс” атыккан Абдил Сегизбаев да илим кудугун казып, ачылыштарды жасоого ниет кылган. Анын саясий илимдер боюнча кандидаттык ишинин темасы 2017-жылдын февралында Мамлекеттик башкаруу академиясында бекитилген, жетекчиси А.Акунов.
Булар илимпоз-чиновниктердин чети гана, сураштыра келсе, бийлик мыкчыгандардын ар экинчиси докторлук мантияны баса кийип, каадалангысы келет. Бирок, алардын илимий иштериндеги маңдай тердин жоктугу, плагиат менен буюртма жаздыруулар илимий жааттагы иштердин сапатын андан бетер түшүрөт. Негизи өзү чиновник-илимпоздордун илимий иштерин четинен текшерүүгө алып, өздөрүн тыкыр аттестациядан өткөргөндө эле алардын акыбалы билинип калат.
Булак: NazarNews.kg