www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына калаадагы кумарканаларды үч күн ичинде жабуу тапшырылды. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков 24-апрелде шаар милициясынын жаңы башчысы Мурат Бороновдун алдына ушундай милдет койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Өмүрзаков тургундардан оюн клубдарына байланыштуу көп арыздар түшүп жатканын, айрымдар мүлкүн, ири акча каражаттарын уттуруп жиберген учурлар бар экенин белгилеп, Бороновго маселени жеке көзөмөлүнө алууну буйруду.

Мурат Боронов мурда Ош облустук ИИБны жетектеген. 23-апрелде шаар милициясына башчы болуп барган.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.

Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңеш депутаттары айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости