www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма-сөз кызматы билдирди.
Мыйзамдуу жана адилеттүү сот жүргүзүү, өлкөдө укук жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууну күчөтүү аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча иштерде Жогорку соттун ролун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча маселелерге көңүл буруп, жарандар арасында социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча сот бийлигинин органдары Кыргызстандагы эң коррупциялашкан органдарга кошулганын белгиледи.
«Жарандардын мыйзамдарга жана сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүү керек. Ошондо гана Кыргызстан өзүн укуктук мамлекет катары көрсөтө алат», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы мамлекеттик органдардын, анын ичинде сот органдарынын негизги милдети – бул укуктун үстөмдүгүн камсыздоо жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо экенин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg