www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук соту опузалап акча талап кылуу боюнча жазык ишти карап чыкты.

Баходир (аты өзгөртүлдү, Х.О.А.) 1984-жылдын 26-апрелинде Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Эч жерде иштебейт, билими орто, үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Жазык кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап акча талап кылуу) менен айыбы угузулуп, иш сотко берилген. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Айыпталуучу Баходир 2017-жылдын август айында Асмира (аты өзгөртүлдү, Д.И.) менен социалдык тармак аркылуу таанышып, Ош шаарынын аймагында жана Кызыл-Кыя шаарында бир нече жолу жолугушуп, жакын мамиледе болуп жүрүшкөн.

Баходир Асмира менен 2018-жылдын 7-июлунда Ош шаарында жолугуп, жабырлануучуну шантаж кылып, «ортобуздагы жакын мамилебиз тууралуу жолдошуңа айтып, үй-бүлөңдү бузам. Өзүңдү уят кылам» деп 300 000 сом талап кылган.

Жабырлануучу Асмирага 300 000 сомдук материалдык зыян келтирилген. Бул кылмыш иш боюнча Баходир Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин 1-бөлүмү (эски ред. - опузалап акча талап кылуу) менен күнөөлүү деп табылган. Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунун (Айыптоо өкүмүн чыгаруунун негиздери) негизинде жазык жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза дайындалбастан, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен шаардык сот тарабынан бошотулган.

Жабырлануучу бул өкүм менен макул болбой, жактоочусу менен апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылды. Ал Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 1-июнундагы Баходир жөнүндөгү өкүмүн жокко чыгарып, айыпталуучунун аракеттерин Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен квалификациялап, эркиндигинен ажыратууга байланышкан жаза берүүнү суранган.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн толук мойнуна алган жок. Анын айтымында, 2017-жылдын май айында социалдык тармак аркылуу бир кыз менен таанышкан. Ал турмушка чыкпаганын, эжесинин балдарын карап жүргөнүн айткан. Кийин жабырлануучу менен жакын мамиледе болуп жүргөндө Асмирага үйлөнүү тойго деп 30 000 сом, 20 000 сом, андан кийин 10 000 сом берген.

2018-жылдын 7-июлунда айыпталуучу Асмираны Кызыл-Кыя шаарына чакырганда ал күйөөсү жана 3 баласы бар экенин айткан. Ошондо айыпталуучунун ачуусу келип, «эмнеге бул убакытка чейин эрим жок деп алдап жүрөсүң? Тойго деп берген акчаларды бер» деген. Ошондо жабырлануучу Баходирдин апасынын наамына 6000 сом которуп, калган акчаны бербей койгон. Айыпталуучу ага «эгерде акчаны бербесең, күйөөңө барып акчаларды сурайм» деген.

Баходир эч кандай күнөөсү жоктугун айтты.

Облустук сот Ош шаардык соттун 2020-жылдын 1-июнундагы Баходир жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз, апелляциялык арызды канааттандыруусуз калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости