www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү Америка тарыхый конференциясында билдирүү жасады. Президент: “Улутney улуу тарыхын даңазалаган Америкага байланыштуу окуу программасын" иштеп чыгууну көздөп жатканын айтып, "патриоттук тарбия берүү" боюнча жаңы жарлыкка кол койду. Жаңы жарлык аркылуу Трамп мекенчилдикке тарбиялоого үндөгөн "1776 Комиссиясы" аттуу комиссия түзүлөөрүн жарыялады.

АКШда уланып жаткан нааразычылык акцияларына токтолуп, президент Трамп: "Бул радикалдардын чыгуусуна либералдык саясатчылар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана ири компаниялар себепкер болду" деди. Алардын максаты оппозициянын оозун жаап, Американын негизги баалуулуктарын жана жашоо образын бузуу экендигин баса белгилеген Трамп: «Алардын максаты - чындыкты айтуудан баш тартуу. Америкалыктарды баалуулуктарынан, мурастарынан жана өз жолдорунан баш тартууга мажбурлоо", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости