www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде бүтүрүүчүлөргө күбөлүк тапшыруу аземи өткөрүлөт.
Иш-чаранын коопсуз өтүшүн камсыз кылуу максатында 800дөн ашуун кызматкер тартылат.
Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери мектептерге барып, бүтүрүүчү класстардын күбөлүк тапшыруу иш-чараларында коомдук тартипти көзөмөлдөшөт. Коопсуздукту камсыз кылуу процессине ата-энелер комитеттери жана жаштар уюмдары да тартылат.
Ошондой эле, салтанаттуу иш-чараларды кафе-ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынары, жаш өспүрүмдөрдүн жаратылышка чыгып эс алуусу жана автоунааларды колдонуу маселеси боюнча да көзөмөл күчөтүлөрү белгиленди.
Тартип сактоо чараларынын негизги максаты — жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда мүмкүн болгон кырсыктардын жана укук бузуулардын алдын алуу экени айтылды.