www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Алымбеков менен Улукбек Узакбаев социалдык тармактарда парламентке жана айрым депутаттарга айтылган сындарды ким уюштуруп жатканын иликтөөнү сунушташты.
Алымбековдун айтымында, соцтармактарда фейк аккаунттар жана боттор депутаттарды шылдыңдап, туура эмес маалымат таратууда. Ал бул иштердин артында кимдир бирөө турган болушу мүмкүн экенин айтып, ИИМге тапшырма берүүнү сунуштады.
Узакбаев да интернеттеги жалган маалыматтар көбөйгөнүн белгилеп, парламент төрагасына кошумча кепилдиктер керек экенин билдирди.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы 25-июнда жыйынтыкталып, анда 174 мыйзам долбоору каралып, 112си кабыл алынган. Алардын ичинен 92 мыйзамга президент кол койгон.
Сессиядан кийин депутаттар шайлоочулар менен жолугуп, эс алууга тарашты.