www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кезектеги сессиясынын ишин жыйынтыктап, эл өкүлдөрү жайкы эс алууга тарашты.

Бул тууралуу парламент жыйынында маалымдалды.

Жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгына токтолуп, депутаттык корпус тарабынан аткарылган иштерге кыскача сереп салды. Ал белгилегендей, сессиянын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынган.

Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери Жогорку Кеңеш тарабынан жалпысынан 145 мыйзам долбоору кабыл алынып, алардын 94үнө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган.

Парламент өкүлдөрү жайкы тыныгуудан кийин өз ишин сентябрь айында улантат.

Последние новости