www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевнин ишмердүүлүгүн текшерүү маселеси көтөрүлдү.
Депутат Кубанычбек Самаковнин айтымында, Ажикеев министр болуп турган учурда министрликке берилген атайын техника жана кызматтык автоунаалар жеке максаттарда пайдаланылганы тууралуу көптөгөн арыздар түшкөн.
Анын билдирүүсүндө, кызматтык унааларды үй-бүлө мүчөлөрү колдонуп, ал эми айрым атайын техникалар туугандарына ижарага берилген учурлар болушу мүмкүн экени айтылды.
Бул туурасында: «Ал министр болуп иштеп турганда, МЧС үчүн алынган техникаларды, кызматтык кымбат унааларды жеке өзү колдонуп жүргөн. Аларды үй-бүлөсүнүн гаражында кармаган. Бир унааны жубайы айдап жүргөн, экинчисин кызын берген. Экскаваторду болсо күйөө баласына берип, аны ижарага берип пайда табышы үчүн колдонгон. Мындай фактылар болгон», - деп айтты.
Депутат бул фактыларды текшерип чыгуу үчүн прокуратурага тапшырма берүү зарылдыгын белгилеп, эгер мыйзам бузуу аныкталса, жоопкерчиликке тартууну сунуштады.
Бообек Ажикеев 2020–2026-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.