www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалды. Бул тууралуу борбордун боор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилеков Биринчи радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, операция ийгиликтүү өткөн, бейтапка донор болуп анын уулу берген. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы, донорду 25-июнда палатага которуу пландалууда.
Операция Москвадагы Валерий Шумаков атындагы федералдык илимий борбордун алдыңкы хирургдары менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Боор трансплантациялоо боюнча бул ооруканада жасалган биринчи операция 14-апрелде ийгиликтүү өткөн. Ал учурда да бейтап менен донордун абалы жакшы экени айтылган.
Эрнис Тилековдун маалыматына караганда, биринчи операцияда да атасына 20 жаштагы уулу донор болгон. Ал учурда донор — келечектеги дарыгер, азыр окуусун улантып жатат, ал эми бейтап атасы фермер болуп ишин улантууда. Ал 10–15 күндө бир жолу текшерүүдөн өтүп турат.
Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операция 2024-жылы Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалган. Анда 50 жана 51 жаштагы эки бейтаптын боору алмаштырылган.
Операцияларды Түркияда окуудан өткөн жергиликтүү дарыгерлер аткарышып, аларга түрк адистери жардам берген.
аламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда боорун алмаштырган 578 жаран жашап келет. Гепатитти алдын алуу жана дарылоого быйыл мамлекет 492 млн 460 миң сом бөлгөн.