www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 17-декабрында Ош шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы башкармалыгынын колдоосу менен ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн «Үй-бүлөлүк зомбулук: алдын алуу жана коргоо механизмдерин ишке ашыруу» темасында бир күндүк тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу  Ош ОИИБдин Басма сөз кызматыбилдирди.

Иш-чарага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле алдын алуу иштерин жүргүзүүгө жооптуу тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Тренингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы мыйзамдары, эл аралык милдеттенмелери, ички иштер органдарынын иштөө принциптери жана стандарттары кеңири талкууланды. Ошондой эле аялдар, балдар, карыялар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар сыяктуу калктын аярлуу топтору менен иштөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү жакшыртуу максатында мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, коргоо ордерлеринин шарттары, тобокелдиктерди баалоо протоколун толтуруу тартиби, ошондой эле кылмыш-жаза жана административдик жоопкерчилик чаралары тууралуу маалымат берилди.

Катышуучуларга жаңы иштөө алгоритмдери тааныштырылып, видео материалдар жана слайддар аркылуу практикалык мисалдар көрсөтүлдү.

Тренинг Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле гендердик теңчилик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү багытындагы эксперттер тарабынан өткөрүлдү. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

Последние новости