www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Чыңгыз Токтобековдун катышуусунда Turkish Airlines авиакомпаниясынын Башкармалыгынын төрагасы Билал Экши менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк тарап Кыргызстандын мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу техникалык конуу менен аткарылуучу каттамдарды кошо алганда, жүк жана жүргүнчү ташуучу авиакаттамдардын санын көбөйтүү ниети тастыкталды.

Билал Экши кыргыз тараптын расмий кайрылуусун кабыл алып, Кыргызстан менен кызматташуунун жогорку маанисин белгилеп, эки тараптуу өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде, мырза Экшиге 2026-жылдын жай айларына пландалып жаткан «Манас» эл аралык аэропортунун жаңыланган аэробекет комплексинин расмий ачылыш аземине катышуу тууралуу чакыруу берилди.

Последние новости