www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-декабрда, Ички иштер министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, ыкчам кызматтарга, ошондой эле, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Туристтик милициясына жаңы кызматтык унааларды, карда жүрүүчү техниканы (снегоход) тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Иш-чарага ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары, ошондой эле милиция кызматкерлери катышты.
Салтанаттуу аземдин алкагында «JAC», «Changan», «Hyundai Staria», «Toyota Hiace», «Geely Atlas», «Chevrolet Cobalt», «Нива legend» үлгүсүндөгү жалпы 50 жаңы кызматтык унаа, андан сырткары 5 карда жүрүүчү техника (снегоход) тапшырылды. Бардык жаңы унаалар тиешелүү заманбап жабдуулар жана каражаттар менен толук камсыздалган.
Улан Ниязбеков өз сөзүндө коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка көрсөтүлүүчү сервистик кызматтарды жакшыртуу максатында ички иштер органдарын материалдык-техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле, өлкө аймагында жол кырсыктарынын санын азайтууга, бул багытта иштерди күчөтүүгө басым жасалып жаткандыктан, бул унаалар чоң өбөлгө түзөөрүн билдирди.
Министр жаңы кызматтык унаалар негизинен Туристтик милициянын, коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо кызматтарына, ошондой эле ыкчам кызматтарга багытталгандыгын айтып, бул өз кезегинде кылмыштуулукту азайтуу, укук бузуулардын алдын алуу жана кызматтык тапшырмаларды ыкчам аткарууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөөрүн билдирди.