www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдө мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн жарандар аныкталды. Текшерүү иш-чарасы 7-8-август күндөрү Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошовдун тапшырмасы менен жүргүзүлдү. Бул тууралуу маалыматты жеринен Адыл Акжол уулу билдирди.

Мыйзамсыз курулуштарды алдын алууга жана элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Жолдошовдун биринчи орун басары Алтынбек Токошев көзөмөлгө алды.

Кызматкерлер шаардагы Алымбек Датка аймактык кеңешине караштуу Ж.Бабараимов көчөсүнөн А.Новаи, А.Масалиев кең көчөсүнүн эки тарабындагы мыйзамсыз курулуштарды жана соода түйүндөрдү аныктады.

Мында жарандар борбордук көчөлөрдө өз билемдик менен орун алып, соода түйүндөрү белгиленген бөлүктөн кызыл сызыкка чыгып кеткен. Эки күндүк иш-чаранын жүрүшүндө 20дан ашык мыйзам бузуучуларга эскертүү баракчалары берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости