www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уланбек Эгизбаевдин табышмактуу өлүмүнүн сыры ачылат деп коомчулук жапырт күтүп турган чак. Улан үчүн күйгөн досу Каниет Жыргалбеков экспертизанын жыйынтыгы дагы белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдирди.
- Экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатсаңар керек..Ооба кече күнү эртең буттагы тактар боюнча жыйынтык бүтөт деген, айткандай эле бүтүптүр. Бирок азыр ашказан каралып жатат, ашказан караганга кичине убакыт керек экенин айтып түшүндүрүп узатышты.
Мага кызык болуп жатканы буттагы тактары эле, жыйынтык чыкканы менен эксперттердин өздөрүнүн шарттары бар экен. Баардык жыйынтык чыкканда гана чоогу айтат экен. Кайра-кайра келсем да жыйынтык улам узарып жатканынан да кандай чечим болорун сезип эле турам. Мен канча чуркасам да, аракет кылсам да эксперттер эмне десе иш ошондой бүтөт. Жыйынтык чыккандан кийин кайра 4, 5 комиссия биригип ишти бир карап анан маалымат беребиз дешти.
Бүгүн тактар боюнча маалымат алам деп шашып келдим эле.. Ушунча күттүк дагы деле күтөбүз, кыргыз эли чыдамкай сабырдуу эл экенбиз да.
- Улан, Улан деп жүргөн министр, депутаттар, кесиптештери Улан өткөнүнө эки жумадан ашты экспертизага бир басып келип, силер да бир сүр көрсөтүп койсоңор болот беле?!
Менде деле иш бар, убакыт тар. Бирок, Улан досумдун руху нааразы болбосун деп чуркап жүрөм. Эртең жалган жашоодо дагы бет карашабыз- деди Жыргалбеков.
Эске сала кетсек, каза тапкан журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептери иликтенүүдө. Жакында “Азаттык” радиосу облустук прокуратура иликтөө мөөнөтүн бир айга узартканын, муну экспертизанын корутундулары даяр боло электигине байланыштуу жагдайды толук объективдүү иликтөө үчүн жасалган чара катары түшүндүргөнүн кабарлаган.
Бирок, Улан Эгизбаевдин досу Каниет Жыргалбеков “Азаттыктын” маалыматтарын жалганга чыгарды. Ал өз баракчасында иш бир айга узарбаганын, экспертиза менен да эч ким сүйлөшпөгөнүн, маалымат такталбай чыгып кеткенин билдирди.
Ал эми “Азаттыктын” маалыматына караганда, тергөө органдары У.Эгизбаевдин киши колдуу болуп өлгөнү боюнча кылмыш ишин ачыша элек. Аларда мындай көрсөтмө жок болгондуктан, учурда адам өлтүрүү боюнча иш козголгон эмес. Анткени, “журналисттин денесинде киши колдуу болуп, күч колдонуунун белгилери жок” экендигин айтышууда. Болгону кырсыктын себептери, пансионатта коопсуздук чаралары көрүлбөгөнү боюнча гана иликтешет.
Булак: NazarNews.kg