www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-июль күнү саат 15:30 чамасында Ош – Сары-Таш – Эркечтам автожолунун үч бөлүгүндө сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы көлөмү 1500 куб. метр болгон селдин бийиктиги айрым жерлерде 2 метрге чейин жеткен.

Селдин кесепетинен улам Сопу-Коргон—Терек жолу да жабылган.

Транспорт жана жол министрлигинин жумушчулары тазалоо иштерин жүргүзгөн соң, 29-июлга караган түндө жол ачылды. Азырынча селден жапа чеккендер тууралуу маалымат жок.

Булак: NazrNews.kg

Последние новости