www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакын арада Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилет. Тажик өкмөтү бул кадамга күз-кыш айларында электр энергиясынын таңсыктыгынын алдын алуу үчүн аргасыз барып жатканын билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Электр энергиясын чектөөнүн негизги себеби быйылкы суу тартыштыгы деп айтылууда.
Маалыматка ылайык, 2019-2020-жылдары Вахш жана Пянж дарыяларынын башына кар мурунку жылдарга салыштырмалуу жарым өлчөмдө жааган. "Мындай кырдаал Тажикстанда биринчи жолу болуп жатат”, - деп айтылган билдирүүдө.
Тажик өкмөтү жарандарын, мекемелерди, компанияларды жана ишканаларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
Тажик бийлиги 2017-жылы мындан ары күз-кыш айларында электр энергиясына чектөө киргизилбейт деп жарыялаган. Ага чейин октябрь айынан тартып март-апрелге чейин күнүнө бир нече саат гана электр энергиясы берилчү.
Булак: NazarNews.kg