www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 27-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы  (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу  Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык,  Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош шаарындагы “Мээрим” балдар билим берүү борборунда балдар үчүн баштапкы техникалык билим берүүчү техникалык ийримин ачуу жана мындан ары дагы кызматташтыкты уланта берүү үчүн меморандумга эки тараптуу кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды инновациялык изденүүлөргө, келечектеги мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо, жаш техниктердин чыгармачылыгын колдоо жана аларга өбөлгө түзүү болуп саналат.

Салтанаттуу аземди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси А. Акжолов ачып берип, өзүнүн сөзүндө: “Өнөрлүү элдин өрүшү кең” деген сөз элибизде бекеринен айтылып келбеген. Баланы жашынан эмгекке, өнөргө тарбиялоо ар бирибиздин милдетибиз. Кыргызпатенттин алыскы аймактарды унут калтырбай, жаш муундарыбызга колдоо көрсөтүп, техникалык-чыгармачылык ийримдерди ачып берип жатканы кубанычтуу көрүнүш” – деп белгиледи. Ал эми “Мээрим” балдар билим берүү борборунун директору А. Эгембаева борбордун жетишкендиктери жана ийгиликтери тууралуу баяндама кылса, Кыргызпатенттин өнөр жай менчик объектилери экспертиза бөлүмүнүн башчысы А. Бердалиев кызыктуу презентация жасап берди. Ошондой эле Кыргызпатент алдындагы ИМ мамфондунун бөлүм башчысы Д. Түлөбердиева: “Кыргызпатент аймактарга мектеп окуучулары үчүн илимий-техникалык ийримдерди ачып эле тим болбостон, алардын материалдык базасын бекемдөө максатында жана ишти улантып кетүүсү үчүн тиешелүү шаймандарды белекке берип, жетишпеген жактарына көңүл буруп келет” – деп билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюу менен баштапкы техникалык ийримдин кабинетин салтанаттуу түрдө ачып, шаймандар тапшырылды.    

Аталган иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, 50гө жакын мектеп жана ийрим жетекчилери, “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз!” сынагынын жеңүүчүлөрү, Кыргызпатенттин кызматкерлери, ММК өкүлдөрү катышты.

Булак: NazarNews.kg

        

 

Последние новости