www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Востокэлектро» тармагына эне сүтү оозунан кстелек Максатбек Чыныбеков деген «малыш» жетекчи келген. Ал кызматка келгенден бери аймактардагы РЭСтердин жетекчилерин алмаштыруу менен гана алек. Алдыда кылычын сүйрөп кыш келе жатат. Жетекчи сөрөй Максатбек кыш камылгасын көрүүнүн ордуна улам бир жетекчи дайындап, капчыгын кампайтуунун үстүндө.
Балакайдын шалаакылыгы депутаттарга чейин билинип, ушул жуманын башында ЖоКенин комитетинде катуу сын айтылды. Эгер чындыкка тик карай турган болсок, Чыныбеков былтыр так ушул маалда: «Өмүрбек Бабанов биздин президент» деп чуркап жүргөнү жалганбы? Бүгүн анын жетекчи болуп отурганы кайсы акылга, кайсы логикага сыят? Анан калса РЭСтин жетекчилигине жалаң өң-тааныштар менен кошо Бабановдун чачпагын көтөрүп жүргөндөрдү сүйрөп келип олтургузуп баштаганы чоң суроолорду жаратып жатат?
Балакайды, «чык эшикке» деп койчулар азырынча жок болуп туру. Айдан түшсөңүз деле, акыйкаттык үчүн алдыдагы максаттарыңызды түшүндүрүп койбойсузбу. Максатбек мырза?!
Булак: “Де Факто”