www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти

Сооронбай Шарипович Жээнбековго

КАЙРЫЛУУУ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргыз элине, Кыргыз мамлекетине жана алардын жоопкерчиликтүү, оор жүгүн аркалаган Сиздин кызматыңызга ийгиликтерди, улуу жетишкендиктерди каалоо менен, мамлекеттик кызматтын, дегеле коомдун кесепеттүү оорусу болгон коррупцияга каршы Сиз баштаган күрөштү, конкреттүү иш-чараларыңызды кош колдоп, чын дилимден колдоймун.

Мен өз жон терим аркылуу сезип, өз башымдан өткөрүп жаткан, мамлекеттин денесине мите курттай жабышкан коррупция деген оору жөнүндө кайрылып жатам.

Мен 2010-2011 жылдан баштап ишкердик менен алектенип, транспорттук компанияларды ачып КМШ мамлекеттеринин арасында темир жол аркылуу жүктөрдү ташуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кыргызстандык жана чет элдик ишкерлерге кызмат көрсөтүү менен алектенип келгем.

Ошол ишкердикти мага мурда тааныш, аскер кызматчысы болуп жүргөн, Таджикстанда туулуп-өскөн Раджаб Абдурасулов аттуу инсанды ишеним көрсөтүп өзүмө кошуп алып (компаньон) баштагам. Ишкердигибиздин ийгилиги үчүн шаардын борборундагы 4 бөлмөлүү батиримди сатып, өзүмдүн үй-мүлкүмдү күрөөгө коюп, оборот жүргүзүүгө каражат катары банктан ири суммада кредит алып, ишкердикти өздөштүрүп, бир-эки имараттарды куруп, аларды дагы кошумча күрөөгө коюп кредиттик линиянын суммасын 1 000 000 (бир миллион) долларга чейин көбөйтүп, 4-5 жылда алда канча бутка турган элек.

2016-жылдын башында биз ишкердигибизди ар кимибиз өз алдынча улантууну жана ортодогу бизнесибизди тең ортодон бөлүшүүнү чечтик. Келишим түзүп, компанияларыбызды кайра каттоодон өткөргөнбүз. “Меридиан Логистик” ЖЧКсы банкта ага ачылган кредиттик линиясынын алкагында 700 миң АКШ долларынан ашык карызы менен мага өткөн. “Оптима Банк” ААКнын кредитин колдонуу укугуна эки компания – “Меридиан Логистик Сервис” ЖЧКсы менен “Карго Логистик” ЖЧКсы ээ болгондуктан, “Карго Логистик” ЖЧКсын ээлигине алган Р.Абдурасулов дагы кредитти жабууга катышат деп чечкенбиз.

Менин ишенимиме кирүү менен Р.Абдурасулов өзүнүн иниси Ильхом Абдурасуловду “Меридиан Логистик” менен “Карго Логистик” ЖЧКларына башкы директор кылып дайындаган. “Меридиан Логистик Сервис” ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген уулум Мырзабек Эмилбековдун да ишенимине кирип алып, Р.Абдурасулов менен иниси И.Абдурасулов “Меридиан Логистик” ЖЧКсы менен “Оптима Банк” ААКнын ортосунда 2013-жылдын 18-февралында түзүлгөн №CLE037-2013 алкактык келишими боюнча алынган кредитти уулум М.Эмилбеков жана анын “Меридиан Логистик Сервис” компаниясы аркылуу сиңирип кетишкен.

Иниси И.Абдурасулов директорлук кылган “Меридиан Логистик” ЖЧКсы менен “Карго Логистик” ЖЧКсы кредиттик линияны өздөштүрүүгө мүмкүндүгү болгонун белгилей кетүү керек. Ага карабастан компаниянын каржы маселесин көзөмөлдөгөн Р.Абдурасулов менин уулум М.Эмилбековго белгилуу убакыттын аралыгында “Меридиан Логистик Сервистин” бет эсебине ушул кредиттик линиядан  600 000 (алты жуз мин) доллардан ашык акчаны траншты котортуп андан кайра “Меридиан Логистик” ЖЧКсы менен “Карго Логистик” ЖЧКсынын эсебине которууну буйруган. Бул компаниялардан И.Абдурасулов каражаттарды накталап алган же Казакстандагы, Өзбекстандагы жана Тажикстандагы экспедитордук компаниялардын эсептерине которгон.

Улуу кыргыз элибиздин «Мал арыгын асырасаң оозуңду майлайт, адам арыгын асырасаң төбөңдү кандайт» болуп, экөөбүз бөлүнө турган болгондо Р.Абдурасулов обороттогу ири суммадагы кредиттик акчаны көмүскө жашыруун жолдор менен уурдап жүргөндүгү билинип, кредиттин акчасынан 600 000 (алты жүз миң) доллардан ашык акчаны  чыгарып кеткени банктын справкаларынан ачыкталып, жасалмаланган бухгалтердик документтерден көрүнүп чыгып калды.

Бирок, Р.Абдурасулов кийин өзүнүн үлүшүнө тийген кредитти төлөөдөн так кесе баш тартып, андан да менин үй-бүлөмө таандык жана банк кредитинин күрөөсүндө турган турак эмес имаратты ага каттап берүүбүздү талап кылды. Ал мени жана менин үй-бүлөмдү жок кылып салаарын айтып коркуткан, бул боюнча аудио жана видеожазуу түрүндө далилдер бар.

Ал «Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат» кылып, кайра мени күнөөлөп, ар кандай авторитеттерди-бандиттерди (черныйларды) алып келип «өлтүртөмүн» деп коркутуп-опузалап кирди. Аягында андан майнап чыкпаганда, мага жана менин үй-бүлө мүчөлөрүмдүн үстүнөн арыз жазып, буйрутма жол менен, прокуратура жана милиция кызматкерлерин паралоо аркылуу 2017-жылдын февраль айында алдын-ала териштирүү иштерин жүргүзбөстөн туруп, Бишкек шаардык милициясында жалган-жалаа менен кылмыш иш козготту.

Мен Бишкек шаарынын прокурору К.Бейшекеевге барып, түзүлгөн жагдайды тыкыр иликтөөсүн, кылмыш иши мыйзамсыз козголгондуктан ишти жарандык-укуктук мамиленин алкагында кароону же объективдүүлүк принцибинин сакталышы үчүн ишти башка тергөөчүгө берүүнү өтүнгөм. Ал иштин мазмуну менен таанышып чыгып, иликтөөнү өз көзөмөлүнө алууну убада кылган болчу. Кийин прокурор К.Бейшекеев чындап эле бул кылмыш ишинин иликтенишин көзөмөлдөп жаткандыгы, бирок арыздануучу тарапты калкасына алып, айыптоочу тарабынан көзөмөлдөп жаткандыгы белгилүү болду. Эки ишкердин ортосунда каражат же мүлк талашуу болсо экономикалык иш катары жарандык-укуктук тартипте каралууга жатаарына карабай, кылмыш иши катары иш козгоо – бул өзү эле айтып тургандай, атайылап басым кылуу, коркутуп-опузалоо үчүн жасалгандыгы эмей эмине.

Бул тууралуу ошол мезгилден бери Бишкек шаардык прокуратурасына, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук Коопсуздук комитетине, Коопсуздук кеңешине, Президенттик аппараттын даректерине тынымсыз жазып келе жатамын. Ал арыз-даттанууларда ИИМдин жогорку кызмат орундарын ээлеген адамдарын, прокуратуранын кызмат адамдарын атап, алардын коррупциялык жүрүштөрүн көрсөтүп да келем. Бирок, менин арыз-даттанууларым айланып келип эле Бишкек шаарынын прокурору К.Бейшекеевдин столуна түшүп калып жатат. Бул толук логикалуу – мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө прокуратуранын ыйгарым укуктарында. Бирок, К.Бейшекеев бул кылмыш ишинин жыйынтыгына кызыкдар болуп, Р.Абдурасуловду калкалоо менен жана бул ишти иликтөөдө Бишкек ШИИБнин начальнигинин орун басары П.Асановдун активдүү катышын билип туруп менин жактоочумдун арыз-даттанууларын так ошол П.Асановго жөнөткөн.

П.Асанов арыз-даттанууларга жооп берүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейт жана муну прокурордун колдоосу астында жасайт. Бишкек ШИИБи менен шаардык прокуратуранын ортосунда ушундай чырмалышкан жагдай болууда. Бишкек шаардык прокурор К.Бейшекевдин так ушундай кызыкдарлыгынан, билип туруп жол коюусунан жана калкалоосунун улам тергөөчү А.Моңолбаев өзүнүн жазасыздыгына ишенимдүү болуп мени жана жубайымды коркутуп, кордоого чейин барууда.

Кылмыш иши атайын буйрутма менен козголгондугун, Бишкек шаардык ИИБнин башчысынын тергөө иштери боюнча ошол кездеги орун басары Памир Асанов жалганчы арызчы Абдрасулов менен бирге кафе-ресторанда бирин-бири коноктоп, колтукташып жүргөндүгүн далилдеген видео жана сүрөттөрүн тиркеп кайра-кайра арыз-даттануудан кийин ал кызматкерди кызмат ордунан бошотушту. Ушул эле далилдердин негизинде ошол кездеги шаардын прокурору Бейшекеев Кубанычбекти Башкы прокуратуранын коллегиясында карап, кызматтан алаарда ал өзү арызын жазып пенсияга чыга качкан. Жыйынтыгында, буйрутма жол менен козголгон кылмыш иши тергөө үчүн ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына жиберилип, ал жакта ар кандай соттук-кол жазма, соттук-бухгалтериялык экспертизалар өткөрүлүп, алардын корутундусу боюнча Абдурасуловдун жалган-жалаалары төгүндөлгөн. Бирок, менин жана менин үй-бүлө мүчөлөрүмдүн кыймыл-аракеттеринде эч кандай кылмыштын белгилери жок экендиги далилденип чыкса дагы, иш боюнча бир нече тергөөчүлөр алмашып, 2017-жылдын февралында козголгон кылмыш иши ушул күнгө чейин мыйзамдуу жыйынтыкка келбей, мени жана менин үй-бүлөмдү коркутуп-үркүтүү үчүн кармалып турат.

ИИМдин тергөөчүлөрүнө Р.Абдурасуловдун өзү кол койгон кагаздарын, фирмада директор болуп турган иниси Ильхом Абдурасулов экөөлөп кредиттик линиядан ар кандай махинациялык жолдор менен ири суммадагы акчаларды уурдагандыгын тастыктаган, аларды далилдеген банктын жана бухгалтериянын документтерин берип жатсак дагы, тергөө ал фактыларды изилдебей, көңүлгө албай жаткандыгы тергөөнүн бир тараптуу, объективдүү жана калыс эмес жана бир жактын пайдасына тартуу менен жүргүзүлүп жаткандыгы аттын кашкасындай көрүнүп турат. 

Иш ушундай чырмалышкандан кийин колго тийген бухгалтердик документтерди иликтеп жатып, Абдурасуловдун бухгалтер Анна Дмитриева менен биргеликте ал бухгалтердик документтерди кантип жасалмалашкандыгы билинген. Каржы полициясы тарабынан Абдурасуловдор 470 000 (төрт жүз жетимиш миң) долларды уурдап чыгарып кетишкендиги аныкталып, аларга 2017-жылдын 10-майында №300-17-0066 сандуу кылмыш иши козголсо дагы, ал иш ушул күнгө чейин ордунан кыймылдабай турат. Ал иш боюнча эч ким жоопко тартылбай, жеке эле мага келген чыгым эмес, бул акчадан мамлекетке түшпөй калган салыктар үчүн дагы эч кимдин башы ооруган жок. Тергөөчүдөн тергөөчү алмашып, бир жылда бир жолу дагы тергөө аракеттери жүргүзүлбөй, бул кылмыш иши дагы Каржы полициясында сүрсүп жатат.

Буга чейин өз ара бөлүшүү боюнча макулдашууга кол койгон, банкка болгон кредиттик карызды тең бөлүшүп төлөйбүз деген шериктешим фирманы карызы менен мага оодаргандан кийин, мурда уурдап чыгарып кеткен ири өлчөмдөгү акча-каражаттардын изин жаап-жашыруу максатында кайра мени  криминалдык авторитеттер менен коркутуп, “өлтүртөмүн” деп опузалап, менин уулумду сабап, инимдин бутун сындырып, үстүмөн арыз жазып, буйрутма иштерди козготуп келе жатат.

2018-жылдын 8-июнунда менин уулум Эмилбеков Мырзабекти уруп-сабап, ал алган жаракаттары менен ооруканада жатса, Р.Абдурасулов Свердлов райондук ИИБге барып “Эмилбеков мени сабады” деп арыз жазат. Тергөөчү Тилек Баатырбеков менин жактоочум Наталья Котик барса кылмыш ишин козгобой, алгачкы текшерүү иштерин жүргүзбөй, эч кимди сурамжылабай туруп эле “силердин ишиңер «Бейбаштык» деп алдын-ала бүтүм чыгарып айтканы ал эң башынан эле буйрутма алганын далилдеп турат. Бул жөнүндө ошол эле күнү Свердлов райондук прокуратурасына арыз-даттануу жазылып, иштин материалдарын Баатырбековдон алып башка тергөөгө берүүнү сурансак дагы прокуратура тараптан эч аракет болгон жок. Баатырбеков өзү айткандай, «Бейбаштык»  деген берене менен эч кандай алдын-ала текшерүү иштерин жүргүзбөй, эч кимди сурамжылабай туруп кылмыш ишин козгойт. Эң кызыгы, ошол күндөн ушул убакытка чейин ал кылмыш иши боюнча же Эмилбековду, же башка күбөлөрдү чакырып сурабастан, ишти сүрсүтүп кармап олтурат.

Ушул эле окуя боюнча токмок жеп жабыр тарткан менин уулум Мырзабек Эмилбеков ооруканада он күндөн ашык жатып дарыланып чыкса дагы, анын арызы боюнча Абдурасуловго «жеңил жаракат келтирген» деген берене менен кылмыш ишти бир айдан кийин, министрине арызданган соң араң козгошкон. Бир эле окуяны эки башка квалификациялашып, эки башка баа берилиши, бул окуя бир эле Свердлов райондук ИИБде болуп жатышы, ал жерде коррупциянын гүлдөп жатканын, эч кандай көзөмөлдүк жок, баш аламандык жана өзүм билемдик өкүм сүргөндүгүн ачык дадилдейт.

Жазасыздыкты сезген Р.Абдурасулов 2018-жылдын 26-июнунда кеңсенин имаратында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин көз алдында менин иним Бактыбек Давлетовду уруп-сабап, тепкичтен ыргытканда  ал кулап түшүп, бордюрга буту менен тийген, жыйынтыгында буту сынган. Анын устуно секирип уруп жатканда ажыратышкан. Ал ошол эле күнү тез жардам кызматы аркылуу 4-шаардык ооруканага жеткирилип, бутуна операция жасалды. Экспертизанын жыйынтыгында Б.Давлетовдун ден-соолугуна оор залал келгендиги жөнүндө корутунду чыккан. Р.Абдурасулов оор кылмыш жасаса дагы, анын айынан иним бир ай ооруканада жатып чыкканына карабай, түшүнүксүз себептер менен кылмыш ишин козгошкон жок. Качан биз ИИМдин министри К.Жунушалиевге, прокуратурага арыздангандан кийин гана араңдап жатып бир айдан кийин кылмыш иши козголду. Бирок, оор кылмыш кылган Абдурасулов камалбай же тергөөчүгө сурак бербей тайраңдап жүргөн. Тергөөчү Кайрат Иманалиев аны ошол эле Свердлов райондук ИИБнин коридорунда кенен-кесир басып жүргөн жеринен кармап, кылмышка шектүү катары кармоо протоколун толтуруп жатса Абдурасулов аны түртө салып Свердлов районунун ИИБнин начальнигинин кабинетине кирип барып чуу көтөргөн. Ал жерде ИИМ министринин орун басары Курсан Асановго чалдырып, кутулуп чыгып кеткенин ошол жердеги иштеген кызматкерлер күлкүлүү сенсациялык окуя катары ооздон-оозго айтып олтурушат. Ошол 26-июндан бери оор кылмыш кылган кишини жок дегенде чакырып суракка ала алышпаса – эмне деген укук коргоо органы, эмне деген милиция, эмне деген тергөө? Алаканын жайып, ийнин куушурган тергөөчүлөр «биз чакыртсак эле замминистр Курсан Асанов башчыбызга телефон чалып “чакырбагыла, тийбегиле”» деп жатат дешет.

Мындан тышкары, Р.Абдурасулов иним Б.Давлетовду сабагандан эртеси күнү, т.а. 2018-жылдын 27-июнунда автоунаасы менен кеңсенин дарбазасын бузуп кирип, Ч.Шаршенованын мүлкүнө зыян келтирди.

Уулумду сабагандан кийин менин жубайым КР ИИМнин ГУГССО Ленин райондук күзөт бөлүмү менен келишим түзүп, алар 2018-жылдын 23-июнунан баштап кеңсенин имаратын кайтарып баштаган. Бирок, ИИМ инистринин орун басары К.Асанов ГУГССОнун жетекчилигине басым жасай баштады. Р.Абдурасулов ГУГССОнун начальнигине телефон чалып, аны К.Асанов менен опузалап, кээде чалдырып да турганын өзү имаратты кайтарган милиция кызматкерлерине ачык эле айтып жүрөт. Курсан Асановдун бизге жана укук коргоо органдарына кысым жасаганы анын Р.Абдурасулов менен кандайдыр бир жалпы кызыкчылыгы болгондугун боолголоого түртөт. Чындыгында, биз К.Асановдун Осмонкул көчөсү, 113 дарегинде жайгашкан биздин кеңсебизге Р.Абдурасуловго келип-кетип жүргөнүн бир нече курдай көргөнбүз. Мындан тышкары, Р.Абдурасулов азырга чейин К.Асановдун иш бөлмөсүнө бат-баттан барып турат, муну ИИМдин имаратындагы видеобайкоодон текшерип алса болот.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык ИИБнин начальнигинин тергөө иштери боюнча мурунку орун басары Памир Асанов (жогоруда ал жөнүндө кеңири жазылды) мурда иштеги кемчиликтери үчүн кызматтан кетсе дагы, кайрадан кызматка көтөрүлүп, ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы болуп дайындалышы, бул системадагы коррупциянын андан ары дагы гүлдөп бара жаткандыгын айдан-ачык көрсөтүп жатпайбы. Албетте, мындай жагдайлардан кийин Абдурасуловго дагы да канат бүтүп, ал менин үй-бүлөм эле эмес, досторума чейин арыз жазып жана жалган жалаа жаап, дагы кылмыш иштерди козготуп баштады. Айласыздан бул Р.Абдурасулов ИИМдин системасын менчиктештирип алганбы деген ой келет. Башкача ойлоого  мүмкүн болбой калды.

Р.Абдурасулов Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун жеңишине олуттуу салым кошконун, ошондой эле Сиз, Сиздин агаңыз жана ИИМ министринин орун басары К.Асанов менен тыгыз мамиледе экенин айтуу менен кылмыш ишинин иликтенишине кийлигишүүгө аракет кылып келет. Ал эгерде укук коргоо органдары анын мурунку өнөктөшү, т.а. мени менен болгон каржылык чырын өз пайдасына чечип беришпесе, анда ал кызматкерлердин жумушунда көйгөйлөр болоорун билдирет. Р.Абдурасуловдун жогорудагыдай ооз көптүргөн сөздөрүн Жогорку Кеңештин вице-спикери А.Кодуранованын жолдошу Мелис Карыбековдун тергөө органдарына жасаган басымы тастыктап турат. Ал дагы Р.Абдурасуловдун каржысына кызмат кылып жатканын боолголоп калам, анткени анын биздин фирмалардан уурдаган акчалары бар. Ошондой эле, ИИМ министринин орун басары К.Асанов да тергөө органдарына жана кылмыш иши боюнча экспертизаларды жүргүзгөн уюмдарга басым жасап келет.

Бул кайрылууда айтылган ар бир сөзүмө далил болуучу документтер, аудио-видеожазуулар, фотоматериалдар жана күбөлөр бар.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Ушул көрсөтүлгөн жагдайлардан кийин, башка мыйзамдуу инстанциялардан жыйынтык болбогондон улам, аргасыздан Сизге кайрылууга туура келди. Бул кайрылуу аркылуу дагы көп маалыматтарды толук бере албагандыктан, Кыргыз Республикасынын жараны катары, Сиздин шайлоочуңуз катары жана коррупциялык системадан жабыр тартып жаткан жаран катары Сиздин кабыл алууңузду суранам. Сиздин иш графигиңиз тыгыз экендигин түшүнүп, бирок менин арыз муңумду угууга 20-30 мүнөт убакыт табылаар деп үмүт кылам.

Сизди урматтоо менен,

Жеке ишкер Эмилбек Мамытов

Кыргыз Республикасынын атуулу,

Бишкек ш., Осмонкул көч, №106 үйүнүн тургуну

тел. 0555 019 400, 0706 019 400

Булак: NazarNews.kg

Последние новости