www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз атасын мыкаачылык менен өлтүргөн эже сиңдилер сот залынан боштондукка чыкты. Окуяга чейин аларды бул кылмышка атасынан көргөн кордук түрткү болгон. Мындан бир аз убакыт мурун эже- сиңдилерди сот үй камагына чыгарды. Кыздар 2018-жылдын 28-декабрына чейин үй камагына чыгарган.

Кыздардын жактоочусунун берген маалыматына таянсак, Кыздар таңкы саат 7ден 21:00гө чейин жашаган жеринен тышка чыгуусуна соттун чечимине ылайык уруксат берилген эмес. Аны менен катар кыздарга айланасындагы адамдар менен байланышка чыгууга да тыюу салынган. Кыздар ар башка бөлмөдө жашап жаткан убагы. Кыздар соттун чечимине ылайык өз ара суйлөшө албайт,- деп билдирген жактоочусу.

Эске салсак, 27-июлда Алтуфьев шоссесиндеги үйдөн Хачатуряндын мойнуна жана көкүрөгүнө миздүү нерседен жараланган жансыз денеси табылган. Адам өлтүрүүгө шектелип анын үч кызы кармалып, алар күнөөсүн мойнун алышкан. Укук коргоочулардын айтымында, атасы кыздарын сабачу, мектепке жөнөтчү эмес жана кул катары пайдаланчу. Атасы андан сырткары кыздарын сойку катары да пайдаланып бир эмес бир нече жолу кыздарына кол салган. 2-августта сот эже-сиңди кыздарды 28-сентябрга чейин камакка алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости