www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында сел жүрдү

Ош шаарында сел жүрүп, 420дан ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 14:00 чамасында "112" кызматына катуу жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Буга кошумча Ош шаардык №12 ӨКБдан 8 куткаруучу, №13 АӨКБдан 10 куткаруучу тартылды, ККББдан ыкчам топ КБП унаасы менен. Жалпы 46 куткаруучу тартылды.

Куткаруучулар тарабынан 420 адам эвакуацияланды.

Последние новости