www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарына чектөөлөр киргизилди. Тизме

Пандемия шартында Ош шаарындагы коомдук жайлардын иштөө тартиби өзгөрүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, дүйшөмбү күндөрү шаардагы базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылат.

Бекитилген тартип боюнча, Ош шаарындагы соода-сатык пункттары саат 07:00дөн кечки 22:00гө чейин иштейт.

Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 08:00дөн кечки 22:00гө чейин иштейт. Тойкана, караоке-клуб жана компьютердик клубдарга кишинин санына карабастан, иштөөсүнө тыюу салынган.

Ош шаарынын борбордук базары, “Келечек”, “Тешик-Таш” жана автоунаа тетиктерин саткан базарлар дүйшөмбү, бейшемби күндөрү иштебейт. Апта ичинде эки жолу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми шаар аймагындагы кичи базарлар дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшү шарт.

10-июлдан 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт. Бул маселе вирусологдор жана шаар казысынын катышуусунда талкууланып, чечим кабыл алынды.

Шаардагы эс алуучу жайлардагы балдар ойноочу аянтчалар, соода борборлорундагы балдар ойноочу жайлар, бильярд залдары, интернет клубдары, караоке залдары, түнкү клуб жана бассейндердин иштөөсүнө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды.

Ош шаарынын аймагында той-мааракелерди өткөрүүгө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды. Тыюу салынышына карабай, той-мааракелерди өткөргөн кафе-ресторандарга айып пул салынып, 1 айга чейин иштөөгө уруксат берилбейт. Той-мааракелер жеке турак үйлөрдө да өткөрүлбөшү керек.

Жогорудагы талаптардын аткарылуусун көзөмөлдөө үчүн рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү кошумчаланат маалыматта.

Булак: NazarNes.kg

Последние новости