www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз  Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Беларусь Президенти Александр Лукашенкону  мамлекеттик майрам — Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы жазып чыкты.

«Ар кайсы тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын оң динамикасын, аймактык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүк кызматташуунун жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилейм. Биздин өлкөлөрдүн элинин бакубаттуулугу үчүн биргелешкен күч-аракеттер менен мындан аркы кыргыз-белорус мамилелердин жалпы комплексин кеңейтүүнү камсыз кылаарыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Беларус элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости