www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда Кыйноолорго каршы коалиция Согди облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына кат жазып, Ворух айылындагы карыган кишинин сабалышын калыс иликтөөнү талап кылды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

10-июнда милиция кызматкери жергиликтүү тургунду сабаганы тартылган видео соцтармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан.

Ворухтун жашоочулары бул окуя иликтенип жатканына карабай, тартип сакчы Шерзод Пиронзода иштен четтетиле элек экенин билдиришүүдө. Ворух айылдык кеңешиндеги милиция бөлүмү Пиронзодага расмий түрдө айып тагыла электигин, иликтөө бүткөнгө чейин иштей берерин тастыктады.

Кыйноолорго каршы коалиция Исфара шаардык прокуратурасынан тергөөчүлөр бул окуяны эмне себептен иликтөөгө ашыкпай жатканын сурады.

Милиция менен жергиликтүү тургундун ортосундагы жаңжал 10-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекетте болгон. 61 жаштагы айдоочу Ислом Ахмедов МАИ кызматкери менен тартыша кеткенин, бул маалда милиционер келип, ур-токмокко алганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости