www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду Ош шаарында жашаган жардамга муктаж 150 үй-бүлөгө кийим-кече таратты. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

“Акциябыз эң жогорку денгээлде өттү десек,жаңылышпайбыз. Көрүп турганыңыздардай Кайрымдуулук дүкөнүбүз бошоп калды, эки күндүк акциянын негизинде 105 үй бүлөнү кийим кечек жана башка буюмдар менен камсыздаганга аракет кылдык. Бул иш-чарада өзгөчө Ош шаардык Аймактык кеңештерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз, анткени өз аймагындагы жардамга муктаж үй бүлөлөрдү чакырып, жардам колун сунушту”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, "Кайрымдуулук дүкөнү" 2 айдан бери иштеп келе жатат. Бул айдын ичинде, 200дөн ашуун үй-бүлөнү кабыл алынган. Андыктан кайрымдуулук иштерине кайдыгер карабагандар болсо кийим кечек, тамак-аш жана башка керектелүүчү буюмдар болсо, "Кайрымдуулук дүкөнүнө" алып келишсе болот.

Дареги: Оштун Анар кичи районунда, болжол Анар 15В үйүнүн жанында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости