www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык Олимпиада комитети 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтүүчү олимп оюндарына боксту четтетиши мүмкүн. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Томас Бахка таянып чет элдик басма сөз каражаттары жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, бокс 2018-жылы Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасында өтүүчү олимп оюндарынан да бокс алынышы мүмкүн. Бахтын айтымында, учурда аталган комитет эл аралык Бокс ассоциациясын каржылоону токтоткон. “Бокс ассоциациясынын рейтингинин төмөндөп кетиши, мындан сырткары башкаруу системи да иликтенүүдө”, - деди Бах.

Дүйнөлүк басылмалар башкы себеп катары жакында эле эл аралык Бокс ассоциациясынын айланасында болгон коррупциялык жаңжалдан кийин кеткен башчысы Ву Чинг Коу Вуга байланыштуу болуусу мүмкүн экенин жазышуда.

Эске салсак, Бокс — ( англ. box- куту,ящик,ринг ) спорттун түрү, спортсмендердин жекеме-жеке чыгып, атайын эреже боюнча мушташуусу. Оюн тегереги аркан менен курчалган (6 х 6 м) аянтта (ринг) өткөрүлөт.

Боксёрлор атайын жасалган жумшак тери мээлей кийип мушташат. Белден ылдый согууга уруксат берилбейт. Бокс боюнча мелдештерди өткөрүү катышуучулардын салмагына, жашына жана спорттук даярдыгына карата бөлүштүрүлөт. Бокс ден соолукка зыян келтирбөө эрежелерин сактоо менен 3 раундда өткөрүлөт.

Бокс менен машыгуу кишини ар тараптан өөрчүтөт, ден соолугун чыңайт; нервжүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын функцияларына жакшы таасир берет. Кишинин ыкчамдыгын, тең салмактуулугун, чечкиндүүлүгүн, чыдамкайлыгын арттырат. Бокс менен машыгууда бет, кол травмаларга учурашы ыктымал. Бокска мүнөздүү травма — нокаут(кыска убакытка акыл-эсин жоготуу). Нокаут болгондо мушташ токтотулат, спортсмен жабыр тартуу оордугуна карата ар кандай мөөнөткө мелдешке катышпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости