www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бопонов сыланбай иштесе болот эле

Бишкек шаардык МАИ кызматында башчы болуп турган таластык Барпиев кеткени техастардын доору бүтүп, эми Жалал-Абаддык Бопоновдун келиши менен югославтардын доору сүрүп жаткан кези. Кептин төркүнү эмнеден болуп жатканын түшүнгөндөр түшүнөөр. Шаардык МАИге жетекчи болуп дайындалган Шайырбек Бопонов деген жигит иштебей эле иш бөлмөсүн Италиянын мебелдерине толтуруп бүтө албай жатыптыр. Кол алдындагылардын айласын алты кетирип, Абдрахмановдун Италия мебель саткан дүкөнүнө кайра-кайра чуркатып дегендейчи.

Алкановдун күйөө баласына Италиянын мебелдери кеп бекен чиркиндики. Бул жигиттин алгачкы карьерасы ыраматылык бейиши болгур Исмаилов Исмаилов Кубан Абылкасымовичтин айдоочусу болгондон башталган. Кайран жигит шансты колдон чыгарбай анын кызына үйлөнүп, анын арты менен карьерасына жол ачып алган эле. Эми олигарх Алкановдун күйөө баласы. Иш бөлмөсүн анчалык кооздоп эмне кылат десеңиз, кызматты түбөлүккө сатып алгансып…андан көрө иштебейби.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости