www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салянова сегиз жылга кесилеби?

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын апелляциялык арызын кароо уланууда. Бүгүнкү жараянда тараптардын жарыш сөзү уланды.

Мамлекеттик айыптоо ишти караган соттук коллегиядан Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Аида Салянованы үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 8 жылга кесүүнү суранды. Ошондой эле прокуратура ал жазаны дароо өтөшү керек экенин белгиледи.

Отурумга катышып жаткан мамлекеттик айыптоочулар Саляновага карата чыккан райондук соттун чечимин жокко чыгарып, аны 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышты. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. 
Буга чейин Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова депутатка карата Бишкектин Ленин райондук соту мыйзам бузуу менен чечим чыгарганын билдирип, аны актоону өтүнгөн.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Эске салсак, депутат 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" - деп айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости