www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында былтыр жоголгон 18 жаштагы кыз изделүүдө

Ош шаарында былтыр жоголгон 18 жаштагы Муножат Салиева изделип жатат. Бул тууралуу калаа милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыз 2019-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунда жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Милиция аны табуу үчүн кайрадан коомчулукка кайрылып жатканын айтты.

"Изделип жаткан Муножат Салиева 2002-жылы туулган. Бою 165-170 сантиметр, жоголгон күнү үстүндө кара-ак (сызык) түстөгү жемпир, кара шым жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Айрымдар кыз дайынсыз болгон күнү аны Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн көрүшкөндүгүн айтышкан", — деп жазылган маалыматта.

Ош шаардык милициясы жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды 03222-2-75-15, 0702-17-09-17 жана 0551-05-42-75 телефондору аркылуу кабарлап коюну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости