www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтияттан билдиришкендей, Ош шаарындагы «Имам Хасан» мечитинин имам хатиби Анасхан ажы Ташхужаевдин демилгеси менен жардамга муктаж 15 үй-бүлөгө көмүр жана азык-түлүк тапшырылды.

«Бул жылы кыш эрте келип, эл даярдыксыз калды. Ал эми муктаж үй-бүлөлөр ар тараптуу кыйналып турган учурда, алар үчүн дагы да оор түйшүк болууда. Алардын кыйынчылыктарын жеңилдетүү максатында атайын кайрымдуулук иш-чарасын уюштурдук»,- деди Анасхан ажы Ташхужаев.

Айта кетсек, жардам үчүн 5 тонна 350 кг көмүр, 300 кг ун, 400 кг картошка, 60 литр өсүмдүк майы, 60 кг макарон жана атайын даярдалган отун өз ээлерине тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости