www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-ноябрда Бишкекте пандемиядагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган конференция өттү. Иш-чарада «Covid-19 пандемиясы учурундагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жетишкендиктер жана сабактар» деген темада талкуу жүрдү.
Жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Самаган Асанов: “Өлкөдө пандемия шартында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны өстү”, - деп баса белгиледи.
Анын айтымында, пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү абдан маанилүү.
Белгилей кетсек, иш-чарага Ысык-Көл, Ош жана Нарын шаарларынан "Жигердүү жарандар" долбоорунун өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, бүгүн Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнү. 1981-жылдан бери дүйнө жүзүндөгү активист аялдар 25-ноябрда Зордук-зомбулукка каршы күнүн белгилешет.
Булак: NazarNews.kg