www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уланууда. Алгач бул иш-чарага жүзгө жакын адам чогулуп, алардын алдына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков чыгып сүйлөгөн. Ал мыйзамдуу жол менен шайланган президентке жана парламентке баш ийүү керектигин белгилеген.
Бирок кийинчерээк митингде бийликке каршы сөздөр айтылып, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы коюла баштады.
Саат 11:00гө карата аянтта миңден ашуун адам чогулуп турат. Митингде “Бийлик алмашты, кайра эле мурдагы жегич-ичкичтер бийликке келип алышпасын” деген сөздөр айтылып жатат.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. 5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесине кирип барышкан.
Президент 6-октябрда видеокайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты.
Булак: NazarNews.kg