www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 5-октябрь күнү, кечинде парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык баарынан көп добуш алган беш партиянын лидерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Анын айтымында, жолугушууга "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" жана "Мекенчил" партияларынын лидерлери келген.
Белгилей кетсек, биринчи төрт партия парламенттик шайлоонун алдын ала жыйнтыгы боюнча жети пайыздык ченди өтүшкөн. Алардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү бар деп эсептелет. "Мекенчил" партиясы жети пайыздык ченге бир аз жетпей калган.
Булак: NazarNews.kg