www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин электрондук почтабызга ([email protected]) Жаныш Акимжанов деген окурманыбыздан төмөндөгүдөй кат келип түшкөн. Кат оңдоо түзөөсүз берилди.
Жыл сайын салтанатка айланган Ош шаарынын жаңы жылды тосуу быйыл башкача өттү. Анткени ар дайым 31-декабь күнү Ош шаарынын мэри борбордук аянтка чыгып элдин үшүп тоңгонуна карабастан кеминде 30 минут мактанып бүтө албай калчу эле. Быйыл андай болбоптур. Элдин баардыгы шаңдуу концерт көрүп бүткөндөн кийин мэрдин ордуна орун басары чыгып кыска-нуска куттуктаган экен.
Көрсө, мэр "семейный" Жаңы жыл тоскону дубайга барып эс алып келген имиш. Бул тууралуу мэрдин жакын эле санаалаштарды ар кимге айтып эле ырдап жүрүшөт. Жада калса мэр өзү дүйнөнү суктандырган эң кымбат лазердик шоунун алдында түшкөн сүрөттөрүн да бир эки жакындарына көрсөтүп мактанганын айтышты. Ал жерге кирүү өзү эле Ошто соода особняктын акчасы тураарына шек жок.
Бул жакта Оштун эли суукта үшүп, кээ бири жарытылуу дасторкон даярдай албай Жаңы жыл тосуп отурган чакта, эл башындагылар элдин акчасына тайраңдап ойноп жүргөнүнө жол болсун.
Коррупция менен күрөшөм, тазалайм деген Жээнбеков эмнеге буларды карабайт экен. Же ал дагы табакташпы эмне?
Булак: NazarNews.kg