www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мугалимдер сынакка даярданышууда

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан пилоттук мекептердин мугалимдери үчүн өткөрүлгөн
окуулуктар Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Республиканын жалпы билим берүүчү мектептери үчүн предметтик стандарттарды жана окуу-методикалык комплекстерди сынактан өткөрүүнү жүргүзүү жөнүндөгү” 2017-жылдын7- июлундагы №931\1 буйругун аткаруу максатында шаардагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп гимназия, Ж.Бакиев атындагы №3 орто мектеп, №4 мектеп гимназия, Б.Осмонов атындагы №5 мектеп гимназия, Р.Санатбаев атындагы №9 мектеп гимназия,Т.Кошматов атындагы №10 мектеп гимназия пилоттук мектептеринде эксперимент жүргүзүү үчүн 5-6- класстардан бирден класстар тандалып, ал класстарда англис тили, орус тили, кыргыз адабияты, өзбек тили адабияты, математика ,адам жана коом, география, биология тарых ,информатика, технология, табият таануу, көркөм өнөр, музыка предметтерине жана методикалык колдонмолорго, мектептен 58 предмет мугалимдери тарабынан жаңы базалык окуу пландын негизинде апробация жүргүзүлүүдө.

Азыркы күндө 2590 даана апробациялануучу окуу китептер жана методикалык колдонмолор, 60 даана күндөлүктөр пилоттук мектептерге келип түштү. Ошондой эле 2018-жылдын 10-январында Ж.Бакиев атындагы №3 орто мектебинде Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери С.К.Умралиева, М.Мыкыевалар тарабынан пилоттук мектептердин мугалимдери үчүн окуулуктар өткөрүлдү.

Саадат Турганбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости