www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы арасында “Ден-соолук – 2018” аталышындагы спартакиаданын алкагында шахмат боюнча мелдештер өтүп, чыгарылды.

Ага жалпысынан эркектерден 18, аялдардан 16 шахматчы катышты. Таймаштын жыйынтыгында эркектер арасында биринчиликти окуу жайынын ректораты багындырды. Алар - шахматчылар Кеңешбек Усенов жана Жеңиш Куваков.

Экинчиликти Жалал-Абад колледжи ээледи: шахматчылар Марип Бекешов жана Идирис Абдуллаев. Ал эми үчүнчү орунду медицина факултети багындырды: шахматчылар Жунус Ташболотов жана Тайтокур Жусубалиев.

Ошондой эле аялдар арасында биринчи орунга Жалал-Абад колледжи жетти: шахматчылар Күмүшай Мырзабаева, Бермет Темиркулова. Экинчи орунду педагогикалык факултети алды: шахматчылар оюнчулар Аширхан Мырзабаева, Махабат Бекназарова.

Үчүнчү орунду медицина колледжи ээледи: шахматчы Гүлзада Акматова. Эскерте кетсек, мелдеш айлампа түрүндө жүргүзүлүп, эркектерден 9 команданын, аялдардан 8 команданын ортосунда таймаш болду.

Кенже Байгабылова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости