www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кимге айтам күйүтүмдү, кимге барып өтүнөм” дегендей, чабыр өлкөбүздү колунан иш келбегендер башкарып, жаман жүдөтүп бүтүштү.
Жакында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ош жергесине барып карапайым элдин таландысында калды. Анткени ал жактагы бөйрөктү алмаштыруу тармагында чоң чырдын башы чыгып, эл берген суроого министр тыңгылктуу жооп бере албай, баш ийкеп араң кутулду.
Эх, эгер Космос мырза ишине тың, ак халаты таза, жүзүндө кызылы болгондо ошол жерден эле элдин талабын так аткарып, ишти ордунан чечип келет беле, ким билет. Бирок ал жактагы түшүп жаткан киреше гана, ишти оң жагына чечкенге бут тосттубу деген гана бүдөмүк ой пайда болуп калды.
Эх, акчаң менен аңга киргир, эгер акчанын азгырыгы болбосо Космос мырза үйүнө күлүп жайнап келбейт беле, мисирейбей.
Булак: NazarNews.kg