www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясын азайтууга каршы жыйын өттү. Күч органдарынын ардегерлери катышкан иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин демилгеси сынга алынды.

Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова пенсияны азайтуу боюнча маселеге чекит коюлбаса күч түзүмдөрүндө эмгектенип жаткандар иш таштай турганын билдирди:

- Бул менин эле пикирим эмес. Бул кыргыз армиясынын үнү деп койсок болот. Чынын айтканда көптөгөн аскер кызматкерлери "иш таштайбыз" деп жатышат. Иш таштаганда чек арабыз ачылып калышы керекпи? Коом армияга көз каранды. Мен ал депутатты чек ара тозотторуна алып барып, көрсөтүп келсемби деп турам. Абалды жеринде көрсө дейм. Тоо-таштагы чек ара тозотторуна ат, керек болсо эшек менен эки жарым күндө чыккан учурлар болот. Ошол жерлерде чек арачылар кызмат кылып жатат да. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизерде абалды жеринен көрүшсө болмок.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев иштеп жаткан пенсионерлер же айлык, же пенсия гана алышы керек экенин айткан. Анын бул демилгеси коомчулукта кескин сынга кабылган. Бирок өзү кийин комментарий берип, 50-60 миң пенсия алып, ошол эле учурда 100 миң сомдук айлык менен иштеп жаткан күч органдарынын кызматкерлери тууралуу айтканын билдирген.

Буга чейин чек арачы офицер Раимбек Турдалиев иштеп жаткандардын пенсиясына каршы чыккан депутатка ачык кайрылуу жөнөткөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом болсо, орточо айлык 15,7 миң сомду түзөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости