www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жогорку Кеңештин ишине кандай баа бересиз? - деген суроомо жарандык активист Адиль Турдукулов парламенттин ишин канаттандырарлык дегенден алысмын деп жооп берди.

"Бул түздөн-түз парламенттин түзүү системасы туура эмес жазылып калгандан болуп жатат деген ойдомун. Себеби, Жогорку Кеңеш бийликти партияларга берип койгон, ал эми партиялар болсо, бир гана акча жана ошол "кландын" башчыларына гана таандык болуп, региондордун кызыкчылыктарын коргогон адамдар Жогорку Кеңеште жокко эсе.

Көбүн эсе алар улуттук масштабдагы  мамлекеттик маселелерге келгенде кол шилтеп коюп жатышат", - дейт жарандык активист.

Эске салсак, акыркы учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишине нааразы болгондор көбөйүүдө. Жер-жерлерди кыдырганы кеткени менен эч кандай проблемалар чечилген жок. Алар кагаз бетинде эле калып жатат.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости