www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айткандай айыл өкмөттөрүнө бюджеттен эмне деген гана акча бөлүнөт, бирок ошол акчаны эмнеге жана кайда коротуп, өлкөгө эмне пайда алып келип жатат болду экен?
Кээ бир айыл өкмөттөрү эч иш кылбай эле убакытты аш- тойго барып, сый устакан алып курсак тойгузуп эле өткөрөт деп ачык айтып чыккандар да бар. Ооба, айыл өкмөтүнө бөлүнгөн машинага май куюп алып, той-топурга баргандын кимге кереги бар –дейм да.
Бул эми карандай эле чындык. Анткени айылдарда жасала турган деле иш жок. Жаз-күз салык чогултмай болбосо, башка убакта чын эле эмне иш кылышат? Айткандай ар бир кызмат ордуна татыктуу адамдар келмейин деле иш оңолбойт. Бардык айыл өкмөттөрүнө сын айта албайбыз, кээ бир айыл өкмөттөрү иш кылып жатканы да бар, бирок ооз керип мактай тургандары өтө эле аз санда.
“Дүнүйө бир тыйындан чогугат” дегендей, эгер акчаны пайда алып келбеген жакка коротпой, пайда түшө турган жакка кетирсе кандай болот болду экен? Ушул жагын билермандар кандай ойлошот.
Булак: NazarNews.kg