www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында айтлуу Воронцовка айылында жайгашкан 500 киши дарыланган санаторияда болдум. Ал жерде дарыланып жаткан Сапар аттуу жигит минтип айтып калды:

-Мен он күнгө дарыланганы келдим, тамак ашты кошкондо 17миң, беш сом төлөдүм. Бирок бул жактын шарты анчалык деле жакшы эмес экен. Алсак 500 орундун 300 эле 17 миң, 500 сомдон төлөсө, он күндө эле санаторияга эмне деген акча түшүп жатат.

 Айткандай бул санаторияны мамлекет өзү каржылап, кем карычын толуктап турат. Анан түшкөн акча кайда кетип жатат?-деген суроого жооп табуу кыйынчылыкты жаратат -десең. Бул эми өлкөбүздөгү бир гана кичине бурчундагы көрүнүш. Ал эми башка жактагы кирешелүү булактарга көңүл бурсак, эмне деген акча сол чөнтөккө кетип жатат?

Алиги көз жоосун алган хан сарайлар, бензинди көп ичкен машиналарга эле акча короп жатканын ким жашырып жаба алат? Чоңдор, ууруну алыстан эмес, арабыздан эле издегиле-убара болбой эле табасыңар - демекчибиз. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости