www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"МЕН — ​КЫРГЫЗМЫН”  деген китепте мен ынана албай турган бир эпизод бар эле. Бир жолу сүйлөшүп отуруп, “Азимбек аке, Атамбаев туурасындагы чындыкты туура эмес жазыпсыз го. (212–215-беттеринде) Сизден, анан Жусуп Жээнбековдон укканыма караганда аны Бакиевдер ууландырбай эле аракты көп ичкенден “ууланган” тура. Андан да Атамбаев сиз жазгандай туалеттин ичинде унитазда отуруп, уктап калбай эле, өзүн билбей богу-жини, кусундусуна аралашып жерде “шымын булгап” жатып калганын мага айтып берген элеңиз. Ал жери жок го… — ​дедим.

— Ооба. Ошол учурда Алмаз досумду аягам…

— Алмаз досуңуз сизди аяган жок го… Сиз билген чындыкты эл билсин да.

— Калп эле Кудай деген Атамбаевди мен Кудайга койдум. Алмаз бизди алдагандай Кудайды да алдайм деп ойлойт. Тынч эле жүрсө болмок…

— Азимбек аке, сиз Атамбаев шымын булгап койгондо, анын өтө жакын адамы болуп келген Икрам Илмияновго “Икрам, Алмаз шымына чычып алыптыр. Болор иш болду, эми шефиңдин көчүгүн тазалап жууп койгула!” -деп тамаша иретинде айтып коюп чыгып кеткениңизди, бир аздан кийин Илмияновдун ичкери кирип кеткенин айткан элеңиз. Эмне чындыкты жазган жоксуз? — ​деп Азикени жарга такадым.

Ачуу чындык баары бир айтылышы керек эле да. Сиз ошол ажатканын форточкасы менен эшигин жаап, досуңузду аяганыңыз менен ошол жыт дагы деле сасып жатат го. Эми ал сасык жыт Жалал-Абаддагы менчик мейманканадан эмес, анын Кой-Таштагы үйүнөн келе баштады. Өзү шымын булгап алып,“Мени Бакиевдер ууландырды!”-деп бет тырмачылык кылганына таң каласың. Атамбаевди сиз досум деп жаманын жашырганыңыз менен ал сизди ачык эле боктоп жатат го… — ​дедим.

— Бекен үкөм, мен Алмаздай болуп майдалангым келбеди! Ошол унитазда отуруп уктап калды дегеним эле жетиштүү… — ​деп Азимбек Бекназаров,” досу Атамбаевдин абийирин төккүсү келбей жатпайбы.

Ал эми, Бекназаров досун аяганы менен Атамбаев Азикени ушунча жылдан бери кеги бардай шыбап, аяган жок. Колунда бийлиги бар кезде жанына жолотподу. Азике, учурунда чындыкты айтканда экс-ажобуз “Чычкак ажо!” деп аталып тарыхта калмак. Досун аяган Азимбек Бекназаров айтпаган чындыкты айтууга туура келди. Керек болсо, биздин ажобуздун шымын булгап алганы да тарых. Аны жашырып эмне кылабыз. Атамбаев азыр деле Кой-Таштагы хан сарайында тынч жатпай, бүт республикага “сасып” жатпайбы? Эми, айтканым жалган болбосун үчүн кыргыз элинин көкжал саясатчысы Азимбек Бекназаровдун “Мен-кыргызмын”-деген китебинен тырмак алды үзүндүсүнөн мисал келтирдим. Кыргыз эли да өтө уникалдуу эл, анткени Атамбаевге окшогон “пянкеч президентке” алты жыл бою коёндун терисиндей чыдап бердик. Аталык болгусу келди эле, Сооронбай Жээнбеков ага жол бербей койду. Өзү каалагандай өлкөнү башкара албай жатат, Алмаз Атамбаевдин болгон трагедиясы ушул эле…

Бекен Назаралиев, “Жаңы ОРДО” гезитинин редактору

(Бекназаровдун “МЕН — ​КЫРГЫЗМЫН” китебинен үзүндү)

 Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости