www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин партиялаштары ЖМКларга президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевге мунапыс берүү маселесинде жоопкерчиликтен качып жатканын айтты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева буларга токтолду:​

- Кечээ президент катты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) жөнөтүптүр. Менимче бул туура эмес. Бул президентке жазылган өтүнүч. Президент өзү чечим чыгарууга укуктуу. Бул анын жоопкерчилиги. Жоопкерчиликти толук ЖАМКка жүктөп койбой өзү чечиши керек эле. Биздин мамлекетибизде таң калыштуу нерселер болуп атат, - деди партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева.

Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев №47 абакка кайтарылды. Ал буга чейин Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости